Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кызматынан кетти

Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кызматынан кетти. Президент Владимир Путин Тергөө комитетинин жетекчи орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин Федерация кеңешине сунуш кылды. Кремлдин маалыматында Чайка башка ишке которулганы үчүн кызматынан бошотулганы айтылат. Бирок кайда кетип жатканы белгисиз.

Об этом сообщает http://1info.net

68 жаштагы Чайка башкы прокурор болуп 2006-жылдан бери иштеп келди.

Оппозициялык саясатчы, Коррупция менен күрөш фондунун жетекчиси Алексей Навальныйдын ири иликтөөлөрүнүн бири Чайканын ишкер балдарына арналган болчу.



Источник: “https://www.azattyk.org/a/30387259.html”

©1info.net