Учурда тараптар тергөө материалдары менен таанышууда. Бул тууралуу Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.
28-январда Равшан Жээнбековдун камалышына байланыштуу анын тарапкерлери жана жарандык активисттер маалымат жыйынын өткөрүшөт. Алар саясатчынын ак жерден айыпка жыгылып, саясий куугунтукка кабылды деп эсептеп келишет.
Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулганы кабарланды.
Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган. Жээнбековдун тарапкерлери ал Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.
Об этом сообщает http://webmarketlist.com
26-декабрда Бишкек шаардык соту Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырган. Ал азыр №1 тергөө абагында камалып турат. (ZKo)
Источник: “https://www.azattyk.org/a/30401287.html”
©1info.net