«Борбор Азия жаңы лидерлерге муктаж»

Албаниядагы каршылык акцияларынан

"East Asia Forum" басылмасынын сайтында жыл тогошор алдында Борбор Азия өлкөлөрүнүн башына түшкөн убайымга токтолгон Карнеги институтунун окумуштуусу Пол Стронскинин макаласы жарыяланды.

Об этом сообщает http://bad-credit-finance.net

Анда: "СССР кулагандан бери чөлкөмдүн экономикасы чөгөлөп, коррупция тамыр жайып, эл бийликтин куру убадасынан тажап бүттү. 2019-жылы аймактын эли коомдук кызматтын оңолушун, жашоо үчүн жакшы шарттардын түзүлүшүн, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле жаңы, жаш лидерлердин келишин, чечим чыгарууга катышууну самашты.

2000-жылга салыштырмалуу калктын саны 16 миллионго көбөйүп, 72 миллионго жетти. Муну менен кошо коомдун постсоветтик жетекчилердин муунуна болгон жек көрүүсү күчөп, социалдык чыңалуу көбөйдү. Маселен Түркмөнстандын бийлиги элдин көйгөйүн таназарга албайт. Калктын саламаттыгы, социалдык абалы тууралуу таптакыр маалыматы жок. Азык-түлүк тартыштыгы күч, бийлик элге ченеп тамак берүүдө. Тажикстандагы социалдык теңсиздик Эмомали Рахмондун үй-бүлөсү болгон байлыкты басып алгандыктан улам күчөдү дегендер көп. Отузга чыга элек ар бир үчүнчү тажик жараны жакыр жашайт. Орусияга чөлкөмдөн эң көп барган мигранттар — Тажикстандан.

Кыргызстанды "парламенттик демократия" деген атка жамынган саясий туруксуздук, бийлик сересиндегилердин коррупцияга аралашкан чырлары, иликтөөчү журналисттерге коюлган чабуул, бийликти сындаган сайттардын ишине тоскоолдук жана саясий чечим чыгарган соттор муунтуп жатат. Коррупция Кыргызстандын демократиялык жолун бөгөп, экономикасын алсыратып, элдин бийликке нааразылыгын жаратууда. Эгер бул тенденция уланса, 2020-жылы өлкөдөгү парламенттик шайлоодо башаламандык чыгышы толук ыктымал.

Аймактагы жылдын эң эле үлгүлүү өлкөсү Өзбекстан болду. Шавкат Мирзиёевдин бийлиги дүйнөгө кучагын ачып, улуттук экономикасынын чылбырын бошотту.

Ал эми Казакстанда 2019-жылы формалдуу түрдө бийлик алмашты. Кытайларга каршы улутчул маанайдагы козголоңдор болуп, эл нааразылык акцияларына чыкты.

Борбор Азиядагы демографиялык өсүш менен кошо кийинки муун чоңойгон сайын режимдер өзгөрүшү толук ыктымал. Бирок бул процесс постсоветтик элита жоголмоюн толук ишке ашпайт", — деп жазды.

2020-жылы дүйнөдө күтүлгөн кагылыштар

АКШнын "Foreign Policy" журналы 2020-жылы дүйнөнү күткөн кагылыштардын, согуштардын тизмесин чыгарды. Макаланын автору, Эл аралык кризистик топтун президенти Роберт Малли кайсы бир өлкөдө болуп жаткан ички кагылышуулар мындан ары кандай гана шартта болбосун глобалдык чөйрөгө да өз таасирин тийгизет деген пикирде.

Албаниядагы каршылык акцияларынан
Албаниядагы каршылык акцияларынан

Автор өз макаласында Кытай, АКШ, Орусия сыяктуу ири мамлекеттер Африкадагы, Жакынкы Чыгыштагы согуш оту өчпөгөн өлкөлөрдүн келечегинде олуттуу роль ойнорун жазат.

Роберт Малли: "Сирия, Украина, Ооганстан, Ливия, Йемен, Эфиопия, Иранда азыр болуп жаткан майда чатактар күчөп, жалынга айланышы ыктымал. Мындай геосаясий чатактардын кесепети өтө оор болот. Айрыкча ички кагылыштарга сырткы ири күчтөр кошулганда өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу мүмкүн эмес. Буга Сирия мыкты мисал болуп бере алат. АКШнын, Орусиянын жана Түркиянын кийлигишүүсү менен азыр бул өлкө жок болуп кетүү коркунучу алдында турат. Украинада да чыр-чатактарды басуу үчүн Владимир Зеленский кийинки жылы бир катар чегинүүлөргө мажбур болушу ыктымал. Латын Америкасы, Азия жана Африкада бай менен кедей катмардын кагылышуусу күтүлөт. Ооганстанда курал үнү жарым кылымга чукул токтобой, дүйнөдөгү башка согуш очокторуна салыштырмалуу адам өмүрү өтө көп кыйылды.

2020-жылы "Талибандын" жоочуларына "Ислам мамлекети" террордук тобу кошулуп, кандуу калаба дагы уланышы мүмкүн. Эфиопия менен Буркино Фасодогу кан төгүүлөр жаңырган жылы да токтобойт. Тынчтыкты орнотууга Европа киришпесе болбойт. Ливиядагы абал да мурдагыдан курчуп, гуманитардык көйгөй тереңдеши ыктымал. 2019-жылы АКШ менен Ирандын тиреши өзгөчө күчөдү. Ошондой эле өзөктүк куралданууну токтотпогон Түндүк Корея да бар", — деп, Индия менен Пакистандын чырын да дүйнө коопсуздугу үчүн кооптуу деп баалады.

Кытай мигранттар кумарканага көп барышат

Германиянын "Deutsche Welle" агенттиги Кытайдын башка өлкөгө барган атуулдарынын көпчүлүгү чет тил билбегендиктен, маданий деңгээли төмөн болгондуктан кумарпоздукка тез эле берилип кетерин жазды.

2010-жылдан бери Гонконг университетинде жүргүзүлгөн илимий байкоонун натыйжасында кытай мигранттары дүйнөнүн башка булуң-бурчунан жер которгондорго салыштырмалуу кумар оюндарына 1,5 эсе, кээде 5 эсе көбүрөөк берилип кетери аныкталды.

Кытай көчмөндөрү жаңы барган өлкөсүндө чет тилди билбей, социалдык обочодо калып, психикалык оор абалын казинодо ойноо менен жеңилдеткенге аракет кылат.

2019-жылы Массачусетс университети Бостондогу кытайлык көчмөндөр көп жашаган "Чайнатаунда" байкоо жүргүзгөн. Андагы калктын көбү кумарпоздук менен ооруганы белгилүү болду. Агенттик ошондой эле мигранттардын билим деңгээли төмөн болгондуктан казинолордун тузагына түшүп жатканын кошумчалайт.

Түркия өз электр машинесин чыгарды

Түркияда 27-декабрда президент Режеп Тайып Эрдоган улуттук өндүрүштөн чыккан биринчи электрмашинени айдап көрдү.

"Daily Sabah" гезитинин маалыматына караганда, 2022-жылдан тарта мындай машине элге сатыла баштайт. Эрдоган Гебзе шаарындагы салтанатта: "Биз бул күндү 60 жыл күткөнбүз. Мындан ары глобалдык брендди чыгарууга бет алышыбыз керек", — деди.


Бул долбоордун үстүндө 100 түркиялык инженер иштеген. SUV үлгүсүндөгү унаа эки түрдө чыкты. Бири 200, экинчиси 400 аттын күчүнө барабар моторго ээ. 4,8 секунданын ичинде 100 чакырымга чейин ылдамдыкты баса алат.

Долбоорго 13 жылда 22 миллиард лира сарпталган. 2035-жылдын аягына чейин 30 миң электр машине чыгаруу пландалууда. Түркиялык айрым адистер келечекте импорттон 32 миллиард доллар киреше түшөрүн божомолдоодо. 1960-жылы Түркияда алгачкы "Деврим" аттуу машине чыгып, бирок массалык өндүрүшкө жетпей калган эле.


Источник: “https://www.azattyk.org/a/world_press_review/30350005.html”

©1info.net