Акын, котормочу Мукан Асаналиев дүйнө салды

Акын, котормочу Мукан Асаналиев 2-январда 72 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун жакындары билдирди.

Об этом сообщает http://prezident-pravda.org

Мукан Асаналиев кыргыз акындарын англис, орус тилдерине, чет элдик акындарды кыргыз тилине оодарган таланттуу котормочу катары белгилүү эле. Ал Байрондун ырларын кыргыз тилине, кыргыз акындарынан Алыкул, Мидин, Байдылдадан баштап сексенге чукул акын-жазуучунун чыгармаларын англис тилине которгон.

Мындан сырткары «Курманжан датка» көркөм фильмин англис тилинде сүйлөткөн. Маалыматка караганда, акын жүрөк оорусунан улам күтүүсүз дүйнөдөн өттү. Сөөгү 4-январда Жумгал районунун Кызыл- Жылдыз айылында жерге берилет. (ZA)

Азаттык тиркемеси
Азаттык Телеграмда
Азаттык Инстаграмда


Источник: “https://www.azattyk.org/a/30357558.html”

©1info.net