«Күнкарама» тасмасы кинофестивалда байгелүү орунга ээ болду

Кыргыз кинематографиясынын маалыматына ылайык, аталган тасма Нур-Султан шаарында өткөн ATAU — 2020 фестивалында "Эң мыкты даректүү фильм" байгесин жеңип алды.

Об этом сообщает http://pravda.rv.ua

Сынакка Кыргызстандан эки режиссёр Чыңгыз Сулумбеков менен Даниль Усманов тасмаларын сунушташкан.

Натыйжада Сулумбековдун "Күнкарама" фильми байгелүү орунга илинип, ал эми Усмановдун "Жакшы күндө баратам" деген тасмасы фестивалдын жабылыш аземинде коюлууга татыды.

"Күнкарама" тасмасында жубайынын өлүмүнөн кийин жалгыз калган орто жаштагы кишинин тагдыры баяндалган.(ZKo)



Источник: “https://www.azattyk.org/a/30398581.html”

©1info.net