Мөмө берүүчү көчөттөрдү импорттоодо кошумча нарк салыгы алынбайт

Бул багбандарды колдоо максатында ишке ашырылып жатканын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков 21-январда "Азаттыкка" билдирди. Анын маалыматына ылайык, былтыр декабрда өкмөт атайын токтом менен бак отургузууга арналган көчөттөр, калемчелер, алма багы, алмурут, кара өрүк, алча, чие, шабдаалы, өрүк, гилас, кожогат, карагат, малина, жүзүм, жаңгак, мистени импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Акыркы жылдары Европа мамлекеттеринен, Түркиядан түшүмдүүлүгү жогору мөмө бактарынын көчөттөрүн алып келип тигүү күч алды. Ишкерлер мөмө бактарын тигүү — багбанчылыкты өнүктүрүү менен кошо элеттин экономикасын көтөрүүдө мааниси чоң экенин белгилеп келишет. (ZKo)

Об этом сообщает http://gazetadosblogueiros.com


Источник: “https://www.azattyk.org/a/30388419.html”

©1info.net