Жогорку Кеңеш инклюзивдүү билим берүү боюнча мыйзам долбоорун карайт

Парламент бүгүнкү отурумунда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды жалпы билим берүүчү мектептерде окутуу маселесине багытталган мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мыйзамдын демилгечиси, депутат Дастан Бекешев билдирди:

Об этом сообщает http://td-partner.com

— Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды башка теңтуштары менен кошуп окутуу боюнча демилгени мен көтөрүп чыккам. Анткени бул андай балдардын коомдо өзүн кадимкидей сезип чоңоюшуна өбөлгө түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул алда качан эле ишке ашкан. Өкмөт азырынча буга даяр эмес экенин билдирүүдө. Ошондуктан алардын «мыйзам 2023-жылдан тартып күчүнө кирсин» деген каалоосун мен колдодум.

Бекешевдин айтымында, учурда кадимки мектепте окутуш үчүн ар бир майып балага сарпталуучу каражатты саноо иштери жүрүп жатат. Анын ичинде мектептерде андай балдарга түзүлүүчү шарттардан тартып, тиешелүү окуу куралдары, атайын мугалимдер менен жабдууга чейинки зарылчылыктар бар.

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын расмий саны 30 миңден ашат. Ал эми андай балдардын билим алышына багытталган атайын мектептердин саны он чакты гана. (ZKo)



Источник: “https://www.azattyk.org/a/30390421.html”

©1info.net