«Казак» үй камагынан абакка кайтты

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул ирет ал экс-мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду токмоктоого шек саналууда. Бул окуя аймактагы криминогендик жагдайды эске салды.

Ош шаардык милициясы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылган, «Казак» каймана атын алып жүргөн Умар Маратовду 17-январь күнү кармады.

Об этом сообщает http://balansst.com

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, ал мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду токмоктоого катышкан.

— 11-январга караган түнү Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районунда каракчылык фактысы катталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде аталган жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди.

Сыдыков «Казак» аралашкан иш «Карактоо» беренеси менен тергелип жатканын билдирди. Окуя болгон күнү жабырлануучунун акчасы жана травматикалык тапанчасы тонолгонун кошумчалады.

Иллюстрациялык сүрөт.
Дагы караңыз

Ошто мурдагы мэрдин тууганы сабалды

Ал арада «Азаттыкка» анонимдүү булактар Улан Раимбеков тосмо арыз жазганы кабарланды. Анда мурдагы мэрдин тууганы "Казактын" окуяга тиешеси жоктугун, үч милиция кызматкери мажбурлап арыз жаздырганы" айтылган.

Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков тосмо арыз келип түшкөнүн ырастады. Бирок арыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга негиз болуп бербесин кошумчалады.

— Тосмо арызы кылмыш ишине тиркелген. Бирок арыз кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга негиз болуп бере албайт. Ишти тергеп бүткөн соң, сотко өткөрүп беребиз. Аны (тосмо арызды) сот чечет.

Улан Раимбековдун тосмо арызы.
Улан Раимбековдун тосмо арызы.

16-январь күнү ушул эле окуяга катыштыгы бар деген шек менен Өзгөн жана Алай районунун эки тургуну кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Раимбеков болсо 11-январга караган түнү Ош шаарында сабалган. Окуя болгон күнү жаагы сынып, оозу жырылып, «оор абалда» облустук ооруканага жеткирилген. Буга чейин анын жакындары «Азаттык» радиосуна Раимбековду «Казак» баштаган топ сабаганын айтышкан эле.

Иллюстрациялык сүрөт.
Дагы караңыз

"Казакты" үй камагына чыгарган сот иштен кетти

Бул окуялар аймактагы уюшкан кылмыштуу топтун кадимки аракеттери экенин, алардын баш көтөргөнүнө көп болгонун бир нече жылдан бери жактоочу болуп иштеген Айсалкын Карабаева айтты:

— Криминалдар мурдатан эле болгон. Азыр эле күчөп кеткен жери жок. Алардын таасирин көрүп жатасыздар. Кылмыш иштеринин канчасы жабылып жатат. Канчалаган жабырлануучулардын акчасы өнбөй калууда. Тескерисинче, жабырлануучуларга басым көрсөтүү жолу менен эки-үч күн ичинде тосмо арыздар жазылат. Коркутуу-үркүтүү жолу менен ушундай нерселер болуп жатат.

Коомчулук арасында бийлик уюшкан кылмыштуу топторго карата чечкиндүү чара көрбөй, керек болсо шайлоодо курал катары колдонгону үчүн алар ээн-эркин өз билгенин кылып жатканы байма-бай айтылып келет.​

Буга чейин серепчи Төлөгөн Келдибаев бийликти криминалга каршы күрөш тууралуу ооз ачпайт деп сынга алган.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

— Бизде буга чейин президенттик, парламенттик шайлоолор өтүп келген, — деди ал. — Ошонун ичинен бир да талапкер уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшөм деп айткан эмес. Экинчиден, Акаевдин, Бакиевдин тушунда күчөгөн кылмыштуу топтор 2010-жылы Роза Отунбаева президенттикке келгенде таасирин, күчүн жоготуп, айрымдары тышка чыгып кетүүгө аргасыз болгон эле. Тилекке каршы, андан кийинки бийликке келгендердин тушунда кайра жанданып, өзүн ишенимдүү алып жүрө башташты. Өз ара тирешип, таасир талашып жатат. Буга коом да кадыресе карап калды. Президент Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшөм деп жатат, бирок криминалга каршы күрөш тууралуу ооз ача элек.

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. Эки ай мурда жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып, 8-январында үй камагына чыгарылган.

Анын ишин караган Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова 17-январь күнү ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Буга судьянын баңгизат ташуучуга байланыштуу ишти кароодо мыйзамсыз чыгарган токтому себеп болгон. Мындан тышкары судьяны кызматтан алууда «Казакты» үй камагына чыгаруусу да эске алынганы айтылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Источник: “https://www.azattyk.org/a/osh_shaary_kazak_umar_maratov/30384349.html”

©1info.net