Сапар Исаковдун адвокаты: Судья Воронцова ЖЭБ ишин шашып кароодо

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты ишти карап жаткан судья Жазык-процессуалдык кодексти бузууда деп эсептейт. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди. Анын пикиринде, судьянын аракети кодекстин 302-305-беренелерине каршы келет.

Об этом сообщает http://mir-publishers.net

— Төрайымдык кылган судья Ирина Воронцова залга кирип келип эле Исаковду сурай баштады, — деди адвокат. — Сот адегенде жараян башталганын жарыялап, катчы залда отургандар тууралуу билдирип, өтүнүчтөр каралгандан кийин гана сурак кылса болот. Судья анын бирин да кылган жок. Экинчиден, Исаков судьялардын көңүлүн конкреттүү документтерге бурууну каалады, бирок судьялардын столунда иштин материалдары жок. Сот негизи эле шашып, тезирээк аяктаганга аракет кылып жаткандай сезилет.

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Адвокат Жоошевдин бүгүнкү каршы пикирин сот негизсиз деп эсептеп, кабыл алган жок.

Бирок, жактоочунун айтымында, айтылган пикирлер жараяндын протоколуна киргизилиши керек.

Бүгүнкү отурумда Сапар Исаков ага коюлган айыптар далилсиз экенин айтты. (RK)



Источник: “https://www.azattyk.org/a/30398995.html”

©1info.net