Парламент курултайчыларга кулак төшөйт

Таабалды Тиллаев

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, буга чейин референдум өткөрүү талабы менен 10 миң адамдын колу топтолгон.

Об этом сообщает http://thefirst-online.com

Жогорку Кеңеш эми мыйзамга ылайык, ошол топтолгон кол тамгаларды текшерүү үчүн жумушчу топ түздү:

Таабалды Тиллаев
Таабалды Тиллаев

— Элдик курултай боюнча демилгечи топтун жетекчисинин орун басары парламенттин төрагасына кат жөнөтүптүр. Анда "өлкөдө референдум өткөрүү боюнча элдик демилге катары 10 миң адамдын колун топтодук, аны Юстиция министрлигине каттаттык" деп айтылган экен. Мыйзамга ылайык, ошол топтолгон колдун чын-бышыгын тактап чыгуу зарыл. Ошондуктан атайын жумушчу топ түзүү боюнча токтом кабыл алдык. Топтолгон колдор анык болуп чыкса, андан соң референдумду өткөрүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталат.

Мындай жол менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге парламенттин аянтчасына кирди.

Өлкөдөгү башкаруу формасы аныкталсын, элдик курултайдын президенттен отчет алсын деген сунуштарды саясатчы Азимбек Бекназаров баш болгон айрым адамдар бир топ убакыттан бери эле көтөрүп келген. Алар быйыл апрель айында 10 миң адамдын колун топтоп, Юстиция министрлигине тапшырган.

Айбек Мырза
Айбек Мырза

Демилгечи топтун төрагасы Айбек Мырзанын "Азаттыкка" билдиришинче, алар үч маселе боюнча жалпы жарандардын пикирин билүү максатында референдум өткөрүүнү талап кылып жатышат:

— Референдумда алгач "Президент жана Жогорку Кеңеш жыл сайын элдик курултайда отчёт берип турушун колдойсузбу же жокпу?" деген суроо коюлат. Эгерде президенттин ишин курултай канааттандырбаса, ал отставкага кетиши керек. Мындай жол менен президент жана парламенттин үстүнөн элдик көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатабыз. Экинчи суроо "Толук парламенттик мамлекетти каалайсызбы же толук президенттик болсунбу?" деп коюлат. Үчүнчү суроо учурда катуу талкууланып жаткан шайлоо системасына байланыштуу. Анда "Шайлоо системасынын кайсы түрүн колдойсуз: бир мандаттуубу, толук партиялыкпы же аралашпы?" деген суроо берилет.

Айбек Мырза бул референдумдун артынан Баш мыйзамды өзгөртүү талабы келип чыгарын жашырбайт.

Кыргыз активисттери. Архивдик сүрөт.
Дагы караңыз

Баш мыйзамды өзгөртүү маселеси кайра козголду


Курултайчылар буга чейин референдумду ноябрь айында өткөрүүнү сунуш кылышкан. Эми парламент топтолгон кол тамгаларды текшерип чыгып, кабыл алганга жараша болот деген пикирин айтышууда. Бирок Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорду кабыл алабы деген маселе турат. Анткени кийинки жылы парламенттик шайлоо сыяктуу маанилүү саясий өнөктүктөрдүн фонунда Баш мыйзамды өзгөртүү аракети колдоо табары күмөн.

Парламентте референдум өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн коомчулукка алгач болуп айтып чыккан депутат Дастан Бекешев бул демилгенин артында эмне турат деген суроого жооп таппай турган кези. Ал бийликтин Конституцияны өзгөртүү боюнча "жаңы жылдык белеги" болушу мүмкүн деп болжолдоодо.

— Чынын айтсам, азыр түшүнүксүз болуп жатат. Мыйзам долбоорунун тексти да таратылбай, жөн гана "төраганын тапшырмасы" менен деп түшүндүрүштү. Депутаттар деле кийин окуйбуз деп колдошту. Аппарат да бул боюнча мыйзам долбоорунун текстин таратышкан жок. Бирок мыйзам долбоордун демилгечилери документтин тексти Юстиция министрлигинин расмий сайтында жарыяланганын билдиришти.

Дагы бир кызык жагдай, парламенттин мындай чечими референдумдун демилгечиси Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине дайындалган күнгө туш келди. Буга чейин саясатчы бийлик референдум боюнча талаптарын аткарганы үчүн кызматка барууга макул болгонун билдирген:

Азимбек Бекназаров
Азимбек Бекназаров

Курултай жөнүндө мыйзамыбыз каралып жатат, кийинки жумада киргизилет. Парламенттин тиешелүү комитети жумушчу топ түзүп, референдум боюнча мыйзамыбызды карап жатат. Өкмөттүн күн тартибине киргизилди. Учурда биз койгон талаптар боюнча азыркы бийлик менен эч кандай маселе жок. Ошондуктан кызматка барууга макул болдум.

Мындан улам бийлик буга чейинки эки ыңкылаптын башында турган Бекназаровду өз тарабына тартуу үчүн кызмат берип, курултай боюнча мыйзамын сүрөп жатат деген пикирлер айтылууда. Маселен, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев парламентке сунушталган демилге боюнча референдум өтөрүнө ишенбейт.

— Ачыгын айтканда, Бекназаров бакылдап-шакылдап элди көтөргөнгө кыйын эмеспи. Ошондуктан бийлик аны ушул жол менен тынчыталы деген окшойт. Сиз элчи болуп кете бериңиз, бул жакта сиздин демилгени парламентке каттап коюбуз деген ой болду. Мындай жол менен Бекназаров өз идеясын аягына чейин айтты, сатылган жок деп жүзүн сактап калалы дешти окшойт. Ал эми үч маселе боюнча референдум өткөрөбүз деп аябай майдаланып жатышат.

Азимбек Бекназаров комитеттин жыйынында.
Дагы караңыз

Парламент Бекназаровду элчиликке сүрөдү


Курултай — көчмөн элдеринде маанилүү маселелерди талкуулоо максатында элдин атынан көрсөтүлгөн өкүлдөрүнүн жыйыны. Негизи Кыргызстанда жыл сайын ар кандай саясий күчтөр курултай өткөрүп, бийликке баа берип, ар кандай саясий талаптарды коюп келет.

Быйыл президенттин аппаратынын алдында Элдик курултай жөнүндө мыйзам иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Мындан сырткары парламентте да бул максатта мыйзам долбоору иштелип жатканы айтылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Источник: “https://www.azattyk.org/a/parlament-kurultaychylarga-kulak-toshoit/30345833.html”

©1info.net